Финляндия тышкы иштер министри Эркки Туомиойянын Кыргыз мамлекетине сапары башталган. Тышкы иштер министри кыргызстандык кесиптеши жана президент Аскар Акаев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган.