48 жаштагы Индира Ганди Индиянын үчүнчү премьер-министри болуп шайланган. Ал Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун кызы болгон. И.Ганди дүйнөдө экинчи, өз өлкөсүндө биринчи жогорку мамлекеттик бийликти ээлеген аял болгон. Индиянын Улуттук Конгресси партиясынын башчысы катары ал атасы жүргүзгөн саясатты улантууну көздөп, экономикалык маселелерде социалисттик концепцияга таянган.
Ага чейин И.Ганди 1955-жылы Индия Улуттук конгрессинин башкармалыгына кирип, 1959-жылы аталган партиянын президенти болгон. 1964-жылдан 1966-жылга чейин мурдагы премьер-министр Лала Бахадур Шастринин өкмөтүнүн мүчөсү катары иштеген.
Премьер-министрлик кызматта 1977-жылдын 7-мартына чейин иштеп, 1980-жылдын 14-январынан тарта 1984-жылдын 31-октябрына чейин кайрадан бул кызматты аркалаган. И.Ганди 1984-жылы өзүнүн жан сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн.