20- Январь 1984 -жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов туулган
V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Совет айылында туулган.
Бактыбек Калмаматов жогорку билимдүү, 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетине тапшырган. 2004-2005-жылдары жалпы студенттик шайлоодо Ош мамлекеттик университетинин жаштар комитетинин төрагалыгына шайланган. 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинин Юридика факультетин бүтүрүп, “юрист” адистигине ээ болгон.
Бактыбек Калмаматов “Акыйкат” коомдук бирикмесинин, “Жаштар үнү” жаштар кыймылынын негиздөөчүсү жана тең төрагасы. Ал 2007-2009-жылдары - “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош областы боюнча төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2009-жылы “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Ош областы боюнча төрагалыгына шайланган.
Бактыбек Калмаматов 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан