21- Январь 2013 -жылы
Экс-президент Алмазбек Атамбаев
"2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн
Улуттук стратегиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Бул документте 70ке жакын долбоорду ишке ашыруу белгиленген. 2017-жылга чейин Кыргыз өлкөсүн бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча мыкты делген 30 өлкөнүн катарына кошуу, коррупцияны азайтуу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн бирине айлантуу сыяктуу орчундуу маселелер камтылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген.