25- Январь 1937 -жылы
Борбордук Африканын президенти Анж-Феликс Патассе туулган
Жарандык согушта кызматтан кеткен Борбордук Африканын президенти Анж-Феликс Патассе Пауа деген жерде туулган.
Анж-Феликс Патассе 1993-жылы демократиялык жол менен шайланган Борбордук Африканын эң алгачкы президенти болгон. Ал эми 1999-жылы өткөн шайлоодо кайрадан президенттик тактыга келген. 2003-жылы Борбордук Африкада болуп өткөн төңкөрүштө кызматтан кетип, куугунтукка дуушар болуп, Тогодо жашаган. 2011-жылы 5-апрелде Анж-Феликс Патассе Камерунда кайтыш болгон.