20- Январь 1824 -жылы
Кыргыз бийлери Кажыбай Ныша, Муса жана Качыбек Шералинин Сибирь бийлигине жазган каты расмий түрдө билдирүү топтомуна алынган
Кыргыз бийлери Кажыбай Ныша, Муса жана Качыбек Шералинин Сибирь бийлигине 1824-жылы жазган каты кийинки жылдын 20-январь күнү расмий түрдө билдирүү топтомуна алынган.
Кыргыз жакшылары Омск шаарына келген Сёмен Богдановичтин ден соолугун сурашып, кабар бериш үчүн бир тууган иниси Абылгазыны баш кылып, Токтогул Исенбаев менен Сарпбек Ишеновду ага коштоп жиберишкенин кабарлашкан.
Кыргыз жетекчилеринин катында империя менен саясий жана соода байланышын жандандыруу маселеси козголгон. Империялык бийликтин Кашгарга байланыштуу соода багытын өздөштүрүү багытына казактардын тоскоолдугун чектеш үчүн падышалык бийликке жардам көрсөтүүнү сунуш кылган.
Кыргыз бийлери орус соода кербендеринин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн өз жардамын сунуш кылышкан. Каттын мазмунун бекемдеш үчүн алардын атасы Шералы Шапаковдун мөөрү басылгандыгын билдиришкен.