20- Январь 1882 -жылы Түркстан генерал-губернаторлугу Шабдан баатырды Биринчи даражадагы сый чепкен менен сыйлаган
Түркстан генерал-губернатордугу Шабдан баатырды Биринчи даражадагы сый чепкен менен сыйлаган.
Шабдан Жантай уулу - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган Cарыбагыш уруусунун Тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай хандын уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.
1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысына кошулуп, Ташкенге барган. Узунагачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтегөн. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан