20- Январь 1918 -жылы Кыргыз аймагында биринчи күч органы уюшулган
Падышалык бийлик кулагандан кийин Убактылуу өкмөттүн Аткаруу комитети Пишпек шаарында полициянын ордуна элдик милицияны курган. Пишпек милициясынын башында адегенде мещанин Г.Д. Щадилов турган. 
Совет бийлиги да полиция эзүүчү таптын бийлигин коргойт деген жобого таянып, Убактылуу өкмөт тарабынан киргизилген милиция аталышын колдонууга киришкен. 
РСФСР НКВДсынын "Жумушчу милиция туурасындагы" токтомуна таянган Орто Азия жетекчилиги Түркстан аймагында милиция отряддарын курууга киришкен. Кыргызстан аймагындагы биринчи күч органы уюшулуп, ал "Пишпек вокзалдык эмгек ишеними" деп аталган. Адегендеги коомдук кошуун куралчан 20 адамдан турган жана алар калкты вокзалдын айланасындагы каракчылардан коргогон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан