Америка Кошмо Штаттарынын президентинин инаугурация салтанаты 1937-жылы март айынан 20-январга которулган. Экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Франклин Делано Рузвелт Конституциянын 20-түзөтүүсүнө ылайык, 4-мартта өтө турган инаугурациянын ордуна 20-январь күнү президенттик ант берген.