20- Январь 1987 -жылы спортчу Кылычбек Саркарбаев туулган
Супер-Инфонун тандоосу боюнча “2012-жылдын супер спортчусу” Кылычбек Саркарбаев Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. 
Кикбокстун К-1 версиясы боюнча Дүйнө чемпиону, эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын жана Евразиянын чемпиону, кикбокс, уруш түрүндөгү самбо жана ушу-саньда боюнча Кыргыз Республикасынын Спорт чебери Кылычбек Саркарбаев 2002-жылы Зафар Айдаров аттуу кикбоксчуну көрүп, спортко кызыгып калган. Ошондон тартып кикбокс менен машыгып баштаган. 2005-жылы "Мухаммед Умар" спорт клубунда машыгып, кикбокстон сырткары спорттун уруш түрүндөгү самбо, ушу-саньда түрлөрү менен ошол жерде таанышкан. Мына ошол спорт түрлөрү боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында жана профессионалдык рингге 120дан ашык ирет чыккан. Анын 80 пайызы жеңиш менен аяктаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан