22- Январь 1921 -жылы
Советтик композитор, пианист Арно Бабаджанян туулган
Советтик композитор, пианист Арно Бабаджанян Армениянын Ереван шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Композитор катары көпчүлүккө таанылып калган убагында Арно Бабаджанян Роберт Рождественский, Муслим Магомаев сыяктуу белгилүү таланттар менен иштешкен.
Өзүнүн кайталангыс эмгектеринен улам 1951-жылы III даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты деп табылса, 1971-жылы СССРдин Эл артисти наамына арзыган.