23- Январь 1985 -жылы нидерландылык супермодель Даутцен Крус туулган
Нидерландылык супермодель, дүйнөдөгү эң кымбат моделдердин бири Даутцен Крус Нидерландынын Остермер шаарчасында туулган. Окуусун аяктаган соң кошумча акча табуу үчүн өзүнүн сүрөттөрүн моделдик агенттикке жөнөткөн. Адистер Даутцен Крустун сулуулугун байкап калышып, ошондон тартып мода дүйнөсүнө аралашкан. 2005-жылы Даутцен Крус "Vogue" сайтынын эң мыкты модели деп табылган.
Адистердин айтымында, Даутцен Крус - мода чөйрөсүнө өз алдынча өз күчү менен келген моделдердин бири. Ал белгилүү Time, Vogue, Harper's Bazaar, Numéro, Seventeen, ELLE, Marie Claire, Glamour журналдарына тартылып, дүйнөгө атагы тараган Calvin Klein, Dolce & Gabbana, Escada, GAP, Gianfranco Ferré, Gucci, Guerlain, H&M, HUGO by Hugo Boss, L'Oréal, Mexx, Schwarzkopf, Tommy Hilfiger denim, Valentino, Versace, Neiman Marcus сыяктуу компаниялары менен иш алып барып келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан