5- Январь 2014 -жылы
Легендарлуу португалиялык футболчу Эйсебио көз жумган
Легендарлуу футболчу, португалиялык “Бенфика” клубунун жана Португалия курама командасынын экс-футболчусу Эйсебио 71 жаш курагында жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Эйсебио профессионалдык карьерасын 15 жашында баштаган. Ал футболчулук карьерасында 11 ирет Португалиянын чемпиону аталган. 1966-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда ал 9 гол киргизип, Португалиянын курамында мелдештин коло медалына ээ болгон.