12- Декабрь 2013 -жылы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сонг Тхэкти иттерге талатып өлтүрткөн
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жездеси Чан Сонг Тхэкти мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо жана коррупциялык иштери үчүн өлүм жазасына тарткан. Кытайлык журналисттер Чан Сонг Тхек менен анын санаалаштары атылбай эле, 120 ач итке талатылып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.
Журналисттердин айтымында, чиновниктерди жылаңачтап, алар камалган жайга бир нече күн тамактанбаган иттерди коё беришкен. Алардын иттерге 1 сааттай таланып жатканын Ким Чен Ын баш болгон адамдар карап турушкан. 
Чан Сонг Тхек өлүмүнөн көп өтпөй анын аялы Ким Гён Хинин өлүмү тууралуу маалымат тараган. Ким Гён Хи азыркы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын атасынын бир тууган карындашы болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан