21- Январь 1992 -жылы Мурдагы "В.И.Ленин музейи" "Мамлекеттик тарых музейи" болуп өзгөртүлүп, "В.И.Ленин атындагы музей" аттуу жазууну алып салууга киришишкен
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук уңгу ташыган мекемелердин аталыштары өзгөртүлө баштаган. Мурдагы "В.И.Ленин музейи" "Мамлекеттик тарых музейи" болуп өзгөртүлүп, бирок имараттын кире беришиндеги "В.И.Ленин атындагы музей" аттуу жазуу узак убакыт бою сакталып келген. "Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын" аталышын алып салууга колу барбаган жаңы бийлик, "Улуу көсөмдүн" каза болгон күнүнө бир күн калганда, тактап айтканда 1992-жылдын 21-январында "В.И.Ленин атындагы музей" аттуу жазууну алып салууга киришкен.
Жумушчулар "В.И." тамгаларын сындырып бүтүп калганда журналисттер келип калганына байланыштуубу же алардын пролетарийлик сезими ойгонгондон уламбы, айтор аман калган "Ленин атындагы" музей жазуусу дагы бир топ убакытка сакталып турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан