6- Январь 2014 -жылы Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына баскынчылар чабуул жасашкан
Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына баскынчылар чабуул жасашып, натыйжада 30 адам каза тапкан. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар болгон. Баскынчылардын тобу эртең менен кыштактын жашоочуларына карата ок чыгарып, үйлөрүн өрттөшкөн. Ошондой эле малын айдап кетишкен. 
Ал эми расмий билдирүүлөрдө 5 адамдын каза болгону эле айтылып, өрттөнгөн үйлөр тууралуу маалымат берилген эмес. 
Нигериянын борбордук бөлүгүндө жашаган мусулмандар менен христиандардын ортосунда этникалык жана диний багыттагы пикир келишпестиктер тез-тезден чыгып турат. 
Аталган өлкөдөгү укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө, 20 жыл ичинде 10 миңден ашуун адам жогорудагы сыяктуу конфликттерден улам каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан