7- Январь 2014 -жылы
Кытайлык продюсер, миллиардер Шао Ифу каза тапкан
Кытайлык "Шао уюму" медиакорпорациясынын негиздөөчүсү, продюсер, миллиардер Шао Ифу Гонконг шаарында өз үйүндө каза болгон.
Шао Ифу 1907-жылы 23-ноябрда туулган. Ал өз агалары менен 1924-жылы Сингапурда "Шао" уюмун негиздеген. Андан кийин 1950-жылдардын соңунда Гонконгдо "Shaw Brothers Studio" аталышындагы кинокомпанияны, 1960-жылдары болсо "Television Broadcasts" телестудиясын негиздеген.
Шао Ифу - бир гана бай адам эмес, кайрымдуулук иштеринин активдүү катышуучусу болгон. Ар кандай медициналык жана билим берүү тармактарына жүз миллиондон ашык доллар тартуу кылган. 2002-жылы медиамагнат азиялык “Нобель" сыйлыгын негиздеген.