20- Январь 2014 -жылы
Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунду ээлеген
Кыргызстан мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болгон. Бул тууралуу Globe Spots интернет-порталы жазып чыккан. Эксперттердин ою боюнча, өлкөнүн мындай тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон.
Маалыматтар боюнча, 2013-жылы Кыргызстанга 3 миллион 89 миң турист келген. Митинг, пикеттерге карабастан Ысык-Көл, Ала-Арча капчыгайында эс алгандардын саны арбын болгон.
Globe Spots интернет-порталынын рейтингинде 1-орунда Португалия, 2-орунда Мозамбик, 3-орунда Кыргызстан, андан кийинки орундарды Панама, Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген. Таң калыштуусу, орусиялык жана кыргызстандык туристтер баалаган Түркиянын алдыңкы 10 мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингине кирбей калышы болгон.