6- Январь 2014 -жылы “Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спирди өлтүрүп кетишкен
“Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны Томас Беррини жолдон өлтүрүп кетишкен. 
Моника Спир эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине жолдошу жана 5 жаштагы кызы менен эс алууга келген. Полиция кызматкерлери алардын киши колдуу болуп каза табышканын билдиришкен. Алар машинадан жубайлардын жансыз денесин жана октон жаракат алган кызын табышкан. Бутунан жаракат алган кыз ооруканага жеткирилген.
Окуя Пуэрто-Кабельо жана Валенсия шаарларынын ортосунда болуп өткөн. Божомолдоолорго караганда, жубайлар унаасынын бир жери бузулганынан улам токтоого аргасыз болушкан. Ошол учурда аларга эргулдар кол салышкан. Жубайлардын бири каршылык көрсөткөндө, алар ок чыгарышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан