22- Январь 1991 -жылы
Кыргызстан Жогорку Кеңешинин III сессиясында президент Аскар Акаев парламентке Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетин куруу сунушун киргизген
Кыргызстан Жогорку Кеңешинин III сессиясында президент Аскар Акаев парламентке Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетин куруу сунушун киргизген. Парламенттик талкуу натыйжасында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети туурасында" Мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик башкаруу структурсы жана алардын кызмат милдеттери аныкталган. Мыйзамда каралгандай мамлекеттик бийликке вице-президент кызматы киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленген. Мыйзамдык өзгөрүү натыйжасында, жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктары жана алардын милдеттери түп тамырынан өзгөртүлгөн. Жаңы министрлер кабинети туурасындагы мыйзамга жараша, премьер-министрлик кызматка - Насирдин Исанов, мамлекеттик катчылыкка - Турар Койчиевдер шайланышкан.