23- Январь 1787 -жылы Князь А.А.Вяземский Атаке баатырга кат жолдогон
Князь А.А.Вяземский Атаке баатырга кат жолдогон. Князь А.А.Вяземский Атаке баатыр жазган катты алгандыгын жана ал императорго берилгендигин кабарлаган. Ал императордун атынан Атаке баатыр жиберген арапка, үч илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирет. Ал үчүн император Атаке баатыр 500 рубль күмүш акча жана белек үчүн 300 рубль күмүш акча берген. Князь А.А.Вяземский Атаке баатыр менен ишенимдүү мамиле орногондугуна ыраазылык билдирип, алака мындан ары да өнүгө тургандыгын белгилеген.
Князь А.А.Вяземский 29 жыл чамалуу Башкы прокурордун кызматын аткарып, Екатерина II чексиз ишенимине байланыштуу кийин юстиция, финансы жана ички иштер тармактарын көзөмөлдөп турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан