Орусия империясынын Башкы прокурору, князь А.А.Вяземский канцелярия кеңешчиси Муратовго кат жолдогон. Башкы прокурор Атаке баатырдын элчилерине татыктуу урмат-сый көрсөтүп, аларды Ыйык Петр чебине жеткирип коюусун өтүнгөн. Эгер кыргыз элчиси сыркоолоп калса, анда ал сакайып кеткенче күтүш керектиги эскертилген.