23- Январь 1787 -жылы
Князь А.А.Вяземский Сибирь драгун полкунун адъютанты Сипайловго Атаке баатырдын элчилерин коштоп жүрүүсү туурасында буйрук берген
Князь А.А.Вяземский Сибирь драгун (атчан да, жөө да согушуучу кавалериялык аскер) полкунун адъютанты Сипайловго Атаке баатырдын элчилерине жардам көрсөтүп, аларды коштоп жүрүү туурасында буйрук берген. Княздын буйругунда Атаке баатырдын элчиси Абдрахман Кучаков жолдоштору менен Орусия императору менен жолуккандыгы белгиленип, аларга сарптала турган чыгым көлөмү көрсөтүлгөн. Мындан тышкаары, алардын бара турган жери жана маршруту толук аныкталып, элчилерге сылык-сыпаа мамиле жасалыш керектиги эскертилген. Кыязы, Абдрахман элчинин ден соолугу узак жолдон бузулганданбы, айтор князь А.А.Вяземский эгер ал белгиленген убакытта жолго чыга албаса казналык акчага тийбеш керектигин эскерткен.