Президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жетектеген Мамлекеттик тарых музейинин жаңы экспозициясын иштеп чыккан чыгармачыл топту кабыл алган.
Мамлекет башчы архитекторлордун чыгармачыл тобу иштеп чыккан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун эскиздик долбоору жана макети менен таанышкан. Тарых музейи В.И.Лениндин музейи катары долбоорлонгон имаратта жайгашкан.
Султан Раевдин айтымында, музейдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, андагы экспозиция Кыргызстандын өнүгүү тарыхынын негизги этаптарын чагылдыра алган эмес. Ошондон улам музейде сакталган уникалдуу 135 миң экспонаттын көпчүлүк бөлүгү экспозицияга коюлбастан, көрүүчүлөргө жеткен эмес. Реконструкциялоонун долбоору экспозициялык аянтты 6000ден 7500 чарчы метрге чейин кеңейтүүнү болжолдогон. Жаңы долбоорго ылайык, имарат толугу менен модернизацияланып, инженердик жабдуулар боюнча заманбап техникалык каражаттар орнотулуп, чатыры, төбөсүндөгү шаймандары реконструкцияланмак. Долбоордо ошону менен бирге заманбап музейдик коллекцияларды сактоо жана экспозициялоо үчүн зарыл температуралык режимди камсыз кылган жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Музейдеги Ленин тематикасындагы скульптуралык композициялар сакталып, төмөнкү кабаттагы башка залдарга коюлары болжолдонгон.
Өлкө башчы чыгармачыл топтун мүчөлөрүнө жасаган иши үчүн ыраазычылык билдирип, эскиздик долбоорду жактырган. Ошону менен бирге мамлекет башчысы өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен долбоордун сметалык наркын кайра карап чыгып, пландарга реалдуу кароо милдетин тапшырган. "Долбоорду сөзсүз түрдө тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен макулдашып, аны коомдук талкууга алып чыгыш керек",- деп билдирген Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы маданият, маалымат жана туризм министрине долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн тиешелүү ведомстволордун адистерин ишке тартып, реконструкциялоонун макулдашылган жумушчу долбоорун даярдоо боюнча тапшырма берген.