13- Январь 2014 -жылы
Казакстандын парламентинин депутаты Дарига Назарбаева баңгизатты медициналык негизинде колдонууну сунуштаган
Казакстан Республикасынын Мажилисинин (парламент) депутаты Дарига Назарбаева баңгизатты медициналык негизде колдонууну сунуштаган. Депутат Жамбыл облусунун Шуй өрөөнүнүн 140 миң гектар жеринде өскөн кара куурайды иштеп чыгаруу үчүн фармацевттик компанияларга берүүнү сунуштап, "ал жакта курулган заводдор дары-дармектерди чыгармак, жаңы жумуш орундар түзүлмөк жана бюджетке киреше түшмөк” деп түшүндүргөн.