13- Январь 2014 -жылы Орусиялык маалымат каражаттары Кыргыз-Тажик чек ара чатагын "2014-жылдын биринчи согушу" деп атаган
Кыргыз-Тажик чек ара чатагына арналган “2014-жылдын бир саатка созулган биринчи согушу” аталышындагы макала орусиялык "РИА-Новости" маалымат каражатында пайда болгон. Макаланын автору Аркадий Дубновдун ою боюнча, Орто Азиядагы коопсуздук коркунучу НАТОнун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышында эмес, коңшу мамлекеттердин ортосундагы мамиледе.
“Эки жарды өлкө өз алдынча чек ара маселесин көп жылдардан бери чече албай келишет. Мунун негизги себеби, Тажикстан 1924-жылда большевиктер кабыл алган документтерге таянса, кыргыз тарап 1956-жылдагы Совет доорунда түзүлгөн келишимге таянып келет” деп түшүндүргөн автор.
Аркадий Дубновдун айтымында, Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүү үчүн өз ара макулдашуулар зарыл. Маселен, биргелешкен чарбалар түзүлсө же эки тарап айрым аймактары менен алмашышса, балким, маселе чечилер. Эгер чек арадагы кырдаал өзгөрүлбөсө жана жаңжалдар кайталана берсе, үчүнчү күчтөрдүн келүүсү мүмкүн.
“Үчүнчү күчтөр болуп Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери келсе жакшы, бирок экстремисттик жоочулардын келип калышы да күтүлүүдө” деп Аркадий Дубнов кошумчалаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан