Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын версиясы боюнча өткөн "Жылдын мыкты футболчусуна” ыйгарылуучу “Алтын топ” байгеси өз ээсин тапкан. Анын ээси мадриддик “Реалдын” жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду болгон.
“Мыкты футболчуну” аныктоого ФИФАга мүчө болгон мамлекеттердин капитандары, башкы машыктыруучулары жана журналисттер катышкан. Добуштардын негизинде Криштиану Роналду аргентиналык Лионель Мессини жана франциялык Франк Риберини артка таштаган.
Ошону менен португалиялык футболчу карьерасында 2-ирет ФИФАнын версиясы боюнча “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталып, “Алтын топ” байгесине ээ болгон. Буга чейин ал бул сыйлыкка 2008-жылы татыган.