13- Январь 2014 -жылыЗлатан Ибрагимович ФИФАнын версиясы боюнча Ференц Пушкаш сыйлыгына ээ болгон
Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Эң кооз гол” сыйлыгы швециялык Златан Ибрагимовичке ыйгарылган.
ФИФАнын жана "France Football" басылмасынын расмий сайттарында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн негизинде франциялык ПСЖнын швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимовичтин Англия курама командасынын дарбазасына киргизген голу алдыга чыккан.
Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн сыйлык 2009-жылдан бери тапшырылып келет. Буга чейин “Эң кооз голдун” авторлору катары Криштиану Роналду, Хамит Алтынтоп, Неймар жана Мирослав Стох сыяктуу футболчулар сыйланышкан.