13- Январь 2014 -жылы Дүйнөнүн символикалык курама командасы аныкталган
Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинин алкагында 2013-жылдын символикалык курамы аныкталган.
Символикалык курамга кирген 11 футболчунун төртөө “Барселонанын”, үчөө “Бавариянын” оюнчулары болушкан. Андан тышкары мадриддик “Реал” менен франциялык ПСЖнын экиден оюнчулары бул тизмеге кошулушкан.
Дүйнөнүн символикалык курама командасы: 
Дарбазачы: Мануэль Нойер (Германия курама командасынын жана мюнхендик “Бавариянын” дарбазачысы).
Коргоочулар: Филипп Лам (Германия, “Бавария”), Дани Алвес (Бразилия, “Барселона”), Серхио Рамос (Испания, “Реал”), Тиаго Силва (Бразилия, ПСЖ).
Жарым коргоочулар: Андрес Иньеста, Хави (Испания, “Барселона”), Франк Рибери (Франция, “Бавария”).
Чабуулчулар: Лионель Месси (Аргентина, “Барселона”), Криштиану Роналду (Португалия, “Реал”), Златан Ибрагимович (Швеция, ПСЖ). 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан