13- Январь 2014 -жылы Юпп Хайнкес ФИФАнын версиясы боюнча “Мыкты машыктыруучу” болуп табылган
Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде “Мыкты машыктыруучу” наамын “Бавариянын” мурунку башкы машыктыруучусу Юпп Хайнкес алган. 
Юпп Хайнкес бул наам боюнча талапкерлер Юрген Клопп менен Алекс Фергюсонду артка таштаган. 2013-жылдын эсебинен ал “Бавария” менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Германиянын Бундес Лигасын жана Германиянын Кубогун уткан.
Сыйлык алып жатып “Машыктыруучулук карьерамды аяктап жатканда алган сыйлык мен үчүн чоң мааниге ээ. Мен 10 жыл мурун мындай бийиктикти кыялданган да эмесмин. Андыктан терең ыраазычылык билдирем” деген Юпп Хайнкес.
“Мыкты машыктыруучу” наамы 2010-жылдан бери тапшырылып келет. Наамды алгач 2010-жылы “Интер” менен УЕФАнын ЧЛсын уткан Жозе Моуринью алган. Андан соң “Барселонаны” болуп көрбөгөндөй мыкты командага айланткан Хосеп Гвардиола алса, 2012-жылы сыйлык ээси Испания курама командасы менен Европа чемпиондугун уткан Висенте дель Боске болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан