13- Январь 2014 -жылы
Пеле футболго кошкон салымы үчүн “Алтын топко” ээ болгон
Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземинде легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле футболго кошкон эбегейсиз салымы үчүн “Алтын топ” менен сыйланган.
Пелеге сыйлыкты анын атактуу футболчу жердештери Роналдо, Неймар жана топ-модель Адриана Лима тапшырган.
Пеле буга чейин ФИФАнын версиясы боюнча "Өткөн кылымдын мыкты футболчусу” болуп табылган. Андан тышкары Эл аралык Олимпиада комитети аны "20-кылымдын мыкты спортчусу” деп тапкан.
Пеле профессионалдык карьерасында 1363 оюн өткөрүп, 1289 гол киргизген. Анын ичинде Бразилия курама командасынын курамында 92 оюнга чыгып, 77 ирет айырмаланган.