15- Январь 2014 -жылы Бишкек шаарынын мэри болуп Кубанычбек Кулматов шайланган
Бишкек шаарынын мэри болуп Кубанычбек Кулматов шайланган. Аны шаардык кеңештин 41 депутаты колдоп, эки  бюллетень жараксыз деп табылган.
Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП (21), “Республика” (11), “Ата Мекен” (7), “Замандаш-Современник” (6) жалпы 45 депутаттын ичинен добуш берүүгө 43 депутат катышкан.
Кубанычбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда Бишкек шаарында туулган. Тарых илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинде, Ленинград, Москва мамлекеттик университеттеринде тарых адистиги боюнча, Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттен менеджмент боюнча билим алган. Адегенде илим, ишкердик жаатында эмгектенип, бажы тармагына 2004-жылы келген. 
Кубанычбек Кулматов 2005-2006-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясында директордун орун басары, 2006-2007-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында директордун кеңешчиси, 2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын биринчи орун басары, 2010-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын төрагасы (Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен), 2010-жылдын 16-июлунан 2013-жылдын 8-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын төрагасы (Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен), 2013-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалган.
Ал эми 2013-жылдын август айынан баштап өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп эмгектенген. 
Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны экенин ачыкка чыгарганда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамын бузду деген күнөө менен депутаттар аны башка өлкөнүн жараны катары кызматтан алууну талап кылышкан. 
Кыргыз өкмөтү, Башкы прокуратура Кулматовдун Орусия жарандыгынан баш тарткандыгы Орусиянын Федералдык миграция кызматы аркылуу тастыкталгандыгын маалымдап, депутаттар койгон дооматтарды негизсиз деп табышкан. Коомдук-саясий чөйрөдө Кулматов президент Алмазбек Атамбаев ишеним арткан кадрлардын бири катары саналат. Ошол кезде Кулматовду президенттин ыктымал мураскору катары айткандар да болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан