15- Январь 2014 -жылыАйтмамат Кадырбаев расмий түрдө Ош шаарынын мэри болуп шайланган
Ош шаарындагы мэр шайлоодо комиссия мүчөсү Айтмамат Кадырбаевдин расмий түрдө шаар башчы болуп шайланганын билдирген.
Мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышкан. Жыйынтыгында 1 бюллетень жараксыз деп табылып, Мырзакматов 19 добуш, Кадырбаев 25 добушка ээ болгон.
Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын 13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик губернатор” аталган. 2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.