Азыркы “Реалдын” “ата-энеси” болуп 1896-жылы түзүлгөн “Футбол скай” клубу саналат. Бирок расмий түрдө “Реалдын” туулган күнү деп 1902-жылдын 6-марты кабыл алынган. Ошондо жаңы түзүлгөн командасына ага-ини Падрос менен Хулиан Паласиостор “Мадрид футбол клубу” деген ат коюшкан. “Реал” деген аталышына 1920-жылы Испаниянын падышасы Альфонс XIII “Падышалык клуб” наамын ыйгаргандан кийин ээ болгон (“real” сөзүн испанчадан которгондо “падышалык” дегенди билдирет. Ал латынча “regalis” – “падышалык” деген сөздөн келип чыккан).
Бул испаниялык клуб эң абройлуу делген УЕФАнын ЧЛсын баарынан көп, башкача айтканда, 9 жолу жеңген. Дал ушул жагынан ал №1-болуп турган. Ушул себептен болсо керек, ФИФА “Реалды” “ХХ кылымдын мыкты командасы” деп тапкан.
Көп жылдардан бери “Реал” дүйнөнүн мыкты футболчуларын сатып алуу жагынан эч кимди алдына салган эмес. “Реал” футбол жылдыздарына “аңчылык” кылуусу менен атагы чыккан. Атактуу топ чеберлерине карата мындай ач көздүк команданын президенти Флорентино Перестин ысымы менен байланыштуу.
2000-жылы “Реалдын” президенттик кызматына амбициясы күч болгон Флорентино Перес келип, командага планетанын мыкты футболчуларын чогултууну чечет. Бул максатта алгач 71 миллион евро коротуп, португалиялык Луиш Фигуну сатып алган. Фигунун артынан командага Зинедин Зидан келип кошулган. Анын трансфери 75 миллион еврону чапчыган. Дагы бир жылдан кийин Мадридге Роналдо, Дэвид Бекхэм жана Майкл Оуэн көчүп келген. “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталган бул футболчулардан чогулган команда “Галактикос” деп атала баштаган.
2006-жылы Перестин ордуна Роман Кальдерон келет. Кальдерон ошондо командага жаңы чыгып келаткан жылдыз Криштиану Роналдуну алып келүү убадасын берип, упай топтоп бийликке келген эле. Бирок анын тушунда күйөрмандар “Сантьяго Бернабеудан” Роналдунун оюндарын көрө алышкан жок. Тескерисинче, Кальдерон Перестен калган “мурастарды” (Бекхэм, Роналдо жана башкалар) сатып жиберген. Натыйжада ал 2009-жылы отставкага кетип, “Реалга” кайрадан Перес келет. Ал чү дегенде эле көнгөн адатын баштайт. Кака үчүн 68 миллион, Роналду үчүн 93 миллион евро аябайт. Аталган эки мегажылдыздан тышкары командага Рауль Альбиоль менен Карим Бензема келип кошулат. Ошондой эле ири сатып алуулардын катарына “Ливерпулдан” Хаби Алонсонун келишин да кошсок болот. Бирок миллиондогон каражаттар коштогон өзгөрүүлөр натыйжа берген эмес.
10 жыл ичинде мыктылардын мыктыларынан чогулган “Галактикос” УЕФАнын ЧЛсын 1 жолу, Испаниянын чемпиондугун 4 жолу гана жеңген.
Пайда болбосо, “Реалдын” кожоюндары жогорудагыдай тобокелге барышмак эмес. Команда азырынча ири жеңиштерге жетише албаса да, стадионго келген көрүүчүлөрдөн, телеге алып берүүлөрдөн жана жарнамалардан чоң киреше таап келет. Мындай ийгиликке команда туура жана ачык жүргүзүлгөн саясаттын негизинде жетишип келет. Айта кетсек, “Реал” акционердик коом эмес. Команда кадимки күйөрмандардын менчиги болуп саналат. Күйөрмандар жыл сайын взнос төлөп, команданын саясатын өзүлөрү шайлаган президенти аркылуу аныктап турушат. Ал эми шайланган президент Башкаруучу Кеңеш менен иш алып барат. “Deloitte” уюмунун маалыматында, “Реал” “дүйнөдө эң чоң бюджетке ээ болгон клуб” деп табылганы бекеринен эмес.
Бай тарыхка ээ болгон атактуу командалар сыяктуу эле “Реалдын” да легендага айланган улуу оюнчулары бар. Алар – Замора, Раймон Копа, Ференц Пушкаш, Альфредо Ди Стефано, Гарсия Ремон, Пауль Брайтнер, Рауль жана башкалар. Акыркысын “Реалга” 16 жыл өмүрүн арнагандыгы үчүн “команданын иконасы” деп аташат.