15- Январь 2014 -жылы Оштун борбордук аянтында тынчтык митинги болуп өткөн
Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу шаардын борбордук аянтында тынчтык митинги болуп өткөн. 
Ош шаарына мэр шайлоо өтүп, Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланган. Ал шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алган. Ал эми Мелис Мырзакматовго 19 депутат добушун берип, 1 бюллетень жараксыз деп табылган. 
Аянтка Мелисбек Мырзакматовдун жактоочулары эртең мененки саат 08:30дарда келе башташкан. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканча 100дөн ашык атчан, 10 000ге жакын эл топтолгон. 
Митингде 4 милиция кызматкерине таш тийип, экөөсү сабалган. Ошондой эле митингчилер мэриянын имаратына кирүүгө аракеттенип, бирок тартип сакчыларынын жана элдик кошуундардын жардамы менен коомдук тартипти сактоого мүмкүн болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан