15- Январь 2014 -жылы
футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган Казакстандын жараны 3 жылга кесилген
Футболдук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда баштап, кийин казакстандык “Актөбе” клубунда ойногон Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгү кесилип, дароо операция жасалган. Ага акыркы операция Израилде жасалып, жыйынтыгы жакшы экени маалымдалган.
Футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.