17- Январь 2014 -жылы
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси болуп Орозбек Молдалиев дайындалган
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Орозбек Молдалиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалган.
Мурдагы жетекчи Абдулатиф Жумабаевдин башка кызматка өткөнүнө байланыштуу анын ордуна Орозбек Молдалиев келген. Орозбек Молдалиев буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү болуп иштеген.
2013-жылдын 30-декабрында экс-муфтий Рахматулла Эгембердиев тууралуу чуулгандуу видеотасма интернетте тараган. Рахматулла Эгембердиев бул үчүн кызматтан кетип, өзүнө байланышкан чуулгандуу видеотасманы жайылтууга Икрамжан Илмияновду (Президенттик аппараттын башчысынын орун басары), Абдулатиф Жумабаевди (Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы) жана Орозбек Молдалиевди (Кыргыз Республикасынын президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү) айыптаган болчу.