24- Январь 1859 -жылы Батыш Сибирь генерал-губернатору Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган
Орусия империясы менен Кокон хадыгынын Кыргыз аймагын ээлеп алуу үчүн жүргүзгөн күрөшү 19-кылымдын экинчи жарымында курчуган. Орус аскер жетекчилиги 1859-жылы улуу жүз казактар менен кыргыздардын чегине Кастек чебин курууга жетишкен. Кокон хандыгы өз кезинде Пишпек менен Токмок чебин курууга үлгүргөн. Орусия империясы Сибирь менен Сырдарыя тилкесин бириктирген стратегиялык алкак түзүү максатында, кокондуктардын аталган чептерин басып алууну көздөгөн. Бу максатта Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Атайын чакырылган жыйында генерал-губернатордун демилгеси жактырылып, бирок аны жүзөгө ашырылышы дагы бир жылга калтырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан