Узакка созулган ооруунун айынан белгилүү адабият таануучу, жазуучу, акын, сынчы Камбаралы Бобулов каза болгон.
Камбаралы Бобулов 1936-жылы Ноокат районундагы Өсөр айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясынын угуучусу, 1965-жылы ошол эле академиянын аспиранты болуп, 1966-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
Эмгек жолун 1958-жылы "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 1963-1965-жылдары "Правда" гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы, 1966-жылдан "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, 1976-1982-жылдары ВААПтын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору, 1982-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун сектор башчысы, 1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда көркөм котормо боюнча кеңешчи болуп иштеген. 1992-жылдан республикалык "Кыргыз тил" коомунун президенти, 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Камбаралы Бобулов 1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун сын боюнча, 1969-жылдан сынчылардын Эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп шайланган.
Камбаралы Бобуловдун чыгармалары орус тилинде дагы жарык көргөн. Ал Хафиздин, И.Чавчавадзенин, каракалпак жазуучусу Бердахтын ырларын жана поэмалардан үзүндүлөрүн которгон.
Камбаралы Бобулов 1959-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, 1995-жылы "Манас эпосуна 1000 жыл", 1996-жылы "Даңк", 2000-жылы "Ош–3000" медалдары, Кыргыз ССРинин жана ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Камбаралы Бобулов Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болгон.