Президенттин жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация жетекчилигинен алынган Жусупжан Жээнбековду тарапташтары үчүнчү ирээт губернатордук кызматка кайра алып келишкен. Жусупжан Жээнбековго тарапташтары башына калпак кийгизишип, чапан жабышып салтанат менен ордуна отургузушкан.