24- Январь 41 -жылы
Калигула аталган император Гай Юлий Цезарь Германик кутумчулардын колунан өлтүрүлгөн
Рим шаарында салттуу өткөрүлчү Палатин оюндарынын маалында Калигула аталган император Гай Юлий Цезарь Германик кутумчулардын колунан өлтүрүлгөн. Кутумчуларды преториандык аскер трибуну Кассий Херей жетектеп, Рим тарыхындагы төрт жылдык анархияга чекит коюлган. Калигуланын жосунсуз жоруктары Рим империясынын тарыхына кара көч болуп жабылган. Анын Инцинат аттуу күлүгүн консул кылууга жасаган аракети сыяктуу акылга сыйгыз иштери, акыры анын киши колдуу өлүмүнө себепкер болгон.