Франциянын мурдагы "деңиздин ары жагындагы департаменти" эсептелген Алжирде Франция президенти Шарл де Голлго каршы козголоң башталган. Президент Шарл де Голль 1959-жылдын сентябрь айында Алжирге өзүн-өзү аныктоо укугун бериле тургандыгын билдирген. Бирок кийинки саясий өнүгүү президенттин айтканынан айырмалангандыктан алжирликтер өз укугун активдүү коргоого өтүшкөн. Бирок даярдыксыз чыккан нааразылык бир жумадан кийин полиция тарабынан басылган.