20- Январь 2014 -жылы
Кыргыз Эл сүрөтчүсү Виктор Сырнев Италияда өткөн эл аралык дизайнерлердин сынагында жеңүүчү аталган
Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Виктор Сырнев Италияда өткөн эл аралык дизайнерлердин DCA аттуу сынагында жеңишке ээ болгон.
Виктор Сырнев "Зер буюм жана кол саат" жана "Чыгармачыл мурас жана түбөлүк жашыл дизайн" аталышындагы эки номинацияны утуп алган.
1986-1990-жылдары Виктор Сырневдун Бишкектеги Бакыт үйүнө жасаган асма шамы платиналык байгеге, ал эми "Ханыша" шакеги жана "Анастасия" зер буюму алтын медалга ээ болгон.