Тибет мамлекеттик ишмери Нгапо Нгаванг Жигме Тибеттеги Лхасе шаарында туулган. Атасы губернатор жана тибет аскерлеринин кол башчысы болгон. Нгапо Нгаванг Жигме туулуп-өскөн жеринен билим алгандан кийин билимин жогорулатуу үчүн Англияга жөнөгөн. 1932-жылы мекенине кайтып, аскер кызматын өтөгөн. Ал эми 1936-жылдан баштап саясий карьерасын баштаган.