28- Январь 1820 -жылы орустардын экспедициясы тарабынан Антарктида ачылган
Антарктида расмий түрдө Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган. Мурун түштүк материк бар болгондугу гипотетикалык түрдө ырасталып, кээде аны Түштүк Америка жана Австралия менен бириктиришкен. Бирок Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин экспедициясы алтынчы материктин бар болгондугун тастыктаган.
Антарктида - дээрлик Түштүк уюл тегерегинин ичинде жайгашкан. Аянты 14,4 млн км². Жээктери бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэделл деңиздери материкке кыйла кирип турат.
Ошондой эле Антарктида деп Антарктида материги жана анын тегерегинде жайгашкан аралдар аталат.
Континенталдык аймагына биринчи болуп "Антарктик" аттуу норвегиялык кеменин капитаны Кристенсен жана табигый илимдеринин окутуучусу Карстен Борхгревинк 1895-жылы 24-январда бут шилтешкен.
Антарктида - дүйнөдөгү эң бийик материк.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан