Казакстандын Алматы шаарына жакын жерде казакстандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак жерге кулап, окуядан 21 адам каза тапкан. "SCAT" авиакомпаниясына таандык Chellenger-200 учагы бул күнү Кокшетау-Алматы багытында учуп келе жатып кырсыкка кабылган. Учакта 16 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон.