2- Февраль 1959 -жылы
Түндүк Уралда 9 кишиден турган туристтик топ
белгисиз себептерден улам каза болушкан
Түндүк Уралда Игорь Дятлов жетектеген 9 кишиден турган туристтик топ белгисиз себептерден улам каза болушкан. Туристтердин табышмактуу өлүмү азыркыга чейин журналисттердин, саясатчылардын жана изилдөөчүлөрдүн көңүл борборунда болуп келет. Урал политехникалык институтунун алдындагы лыжачы туристтер клубунун мүчөлөрүнөн турган топту 5-курстун студенти Игорь Дятлов жетектеген. Алар 16 же 18 күндүн аралыгында лыжа менен 300 чакырымды басып өтүп, Свердлов облусундагы Отортен менен Ойка-Чакур чокусун багынтууну көздөшкөн. 27-январда туристтердин маршруту башталып, 31-январда бийиктиги 1079 метр болгон Холотчахль тоосуна жетип барышкан. 1-февралда ашууга (окуядан кийин ашууга Дятловдун ысымы берилген) токтоп, чатырларын орнотушкан. Туристтер үйгө келбегенден улам издөө иштери башталып, бир ай аралыгында каза болгон 9 адамдын жансыз денелери табылган. Кээ биринин кийимдери чечилип жылаңач болсо, кээ бири мурду канаган абалда табылган. Алардын өлүмү боюнча бир канча версия айтылганы менен, так жыйынтык чыккан эмес.