27- Январь 2010 -жылы
Америкалык жазуучу Дэвид
Сэлинжер каза болгон
Америкалык жазуучу, 20-кылымдын классиги Дэвид Сэлинжер өз үйүндө каза болгон.
Дэвид Сэлинжер Нью-Йоркто төрөлүп, Манхэттенде өскөн. Өзүнүн аңгемелерин башталгыч класста эле жаза баштап, Экинчи дүйнөлүк согуш башталганча бир нече чыгармасы 1940-жылы басылып чыккан. Эң алгачкы аңгемелери "Story" журналына басылып чыккан. 1948-жылы жазуучу сынчылардын ою боюнча эң мыкты делинген "Бананка балыгы оңой кармалат" ("Хорошо ловится рыбка-бананка") аңгемеси "The New Yorker" журналынан жарык көргөн. Ал эми 1951-жылы "Над пропастью во ржи" романы окурмандардын колуна тийип, жазуучуга болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген.