2- Февраль 1885 -жылы
Кыргыз өлкөсүнөн чыккан советтик аскер башчы Михаил Фрунзе туулган
Кыргыз өлкөсүнөн чыккан советтик аскер башчы Михаил Васильевич Фрунзе Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1896-жылы Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербургдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери учун камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. Михаил Фрунзе 1925-жылы 31-октябрда 40 жашында операция учурунда каза болгон.
Анын атын Бишкек шаары 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.