Польшалык режиссёр Роман Полански "АКШда 13 жаштагы Саманта Геймер аттуу кыз менен жыныстык катнашка барган" деп айыпталып, бирок жазасын албай Францияга көчүп келе берген. 2009-жылы Цюрихтеги кинофестивалдан Швейцариянын полициясы аны АКШнын суроосу менен кармап, ал бир нече ай камакта отурган соң үй камагына бошотулган.